Бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарындагы Табачный, Күрөңкеев, Жунусалиев,
Айни, Шота Руставели, Кустанайский, Владимирский, Рыскулов, Пушкин, Үмөталиев,
Чүй, Скрябин, Матросов көчөлөрүндө саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы
өчүрүлөт. Ушул эле убакытта Чүй облусунун Жайыл районундагы Ставрополовка, Новониколаевка
айылдарына, Кара-Балта шаарына, Москва районунун Ак-Суу айылына жана Аламүдүн
районуна электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз
кызматы билдиргендей, жарыктын өчүрүлүшү "Ставрополовка", "Центральная-6", "Керамзитовая" жана
башка көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу болот.