Чүй облусунун Чүй, Москва, Жайыл райондорунун жана Токмок шаарынын аймактарында жер алдынан чыккан кыртыш сууларынын деңгээлдери көтөрүлүп, калктуу конуштардагы турак үйлөргө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Кырсыктын алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун буйругунун негизинде жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ачык типтеги дренаждык каналдарды тазалоо иш-чараларын тез аранын ичинде аткарууга дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилди", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.