Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо 2 тур менен өтүшү мүмкүн экенин айтты

2017-жылы президенттик шайлоо 2 тур менен өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди. Атамбаев өзүнүн командасы 5 жылдан бери бийликти башка колго тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө аракеттенип келе жатканын, шайлоону таза өткөрүү үчүн биометрикалык маалыматтардын негизинде добуш берүү системи киргизилгенин айтты. Президент 2015-жылкы парламенттик шайлоо ачык-айкын өткөнүн, президенттик шайлоо да ушундай өтөрүн кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев шайлоолордо партиялар элди алдап жатат деген пикирде. Шайлоо алдында башка тизме, шайлоодон кийин башка тизме түзүлүп парламентке эл билбеген адамдар өтүп кеткенин мисал кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан