Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаш жоокерлер менен толукталды

2016-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында аскердик ант алуу аземи уюштурулуп, 60 жаш жоокер ант берди. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаш жоокерлерге куткаруучу-химиктер, айдоочулар, кинологдор, суучулдар, медиктер, альпинисттер адам өмүрүн сактоону үйрөтүшөт. Бир жылдык аскердик милдетин аткаруу учурунда алардын жан дүйнөсү өзгөрүп, жардамга муктаждарды куткаруу сезими пайда болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элге ар кандай табигый жана техногендик кырсыктардан биринчи болуп жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан