"Албек Ибраимовдон жер тилкесин сатып аларда сурасам, бир кишиден сатып алдым деди. Мен Албекке жакшы эле акча төлөп, ал жер тилкени сатып алдым. Мен мародёр эмесмин. Бул менин бабаларымдын жери. Бул менин мекеним. Бишкек шаарындагы алгачкы арыктарды чапкан жана бактарды тиккендердин бири менин чоң аталарым. Суунун бери жагына үй салдым, керек болсо ары жагына да үй салам. Жер кенен, 6 гектар. 1989-жылы менчик фирма ачкам. Ак эмгегим менен тапкан акчам жетиштүү", - деди Алмазбек Атамбаев. Ал мындай жоопту Кой-Таш айылына салынып жаткан үйгө байланыштуу берилген суроого берди.
Бүгүн, 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыл сайын өтүүчү жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берип жатат.