Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин китеп жазуу планы жок. Бул тууралуу президент 1-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтып, кыргыз саясатчылары жазып жаткан китептерди окубай турганын билдирди.
"Мен саясатчылар жазган китептерди окубайм, анткени алар жазган китептерде дайыма эле чындык жазыла бербейт. Китепке кандай жомок жазылбасын, тарых баарын өз ордуна коёт. Мага тарыхты жазууну сунушташты, кантип жазам? Тарых өзү жазылат", - дейт өлкө жетекчиси.
Белгилей кетсек, 2010-жылкы окуялар, андан кийинки өткөөл мезгилди чагылдырып Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү китеп жазышкан.