"Өткөн жол менен экинчи жолу өтө албайм. Накта кыйын күндөрдүн бир тобун башымдан өткөрдүм. 2009-жылы уу беришип, эки аптада 18 килограмм арыктап, тырмактарым чирип түшүп калган. Балдарымды каткан күндөр болду. Акаевге, Бакиевге же дагы башка буга чейинки президентке кеңеш бере албайм. Кийинкилерге кеңеш берет элем. Эл башкарган адам түз жана таза иштөөсү керек. Дайыма Кудай жана эл деп жашаш керек. Жыйынтыктап жатып айтар элем, бул жашоону кайрадан жашамак эмесмин, кайрадан кыйын болмок", - деди.
Бүгүн, 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыл сайын өтүүчү жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берип жатат.