Алмазбек Атамбаев эмнеге майрамда Роза Отунбаева тууралуу сын айтканын түшүндүрдү

"Жагабы же жакпайбы, мен дайыма акты ак деп, караны кара деп айтам", - деп бүгүн, 1-декабрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Эгемендүүлүк күнүндө экс-президент Роза Отунбаева тууралуу сын айтканын түшүндүрдү.

"Сөздү убагында айтпаса, сөз атасы өлөт" деп кыргыздар айтышат. Роза Исаковна тууралуу сын ошол мезгилде айта турган сөз болчу. Ичимде топтолуп жаткан нааразычылыктарды айттым. Ар бир сөзүм үчүн жооп берүүгө даярмын. Менин кетериме бир жыл калды", - деди Атамбаев.

Андан соң ал учурда Отунбаева мамлекеттик резиденцияда жашап жатканын баса белгиледи. "Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык, ага бүт шарттарды түзүп бергем", - деп кошумчалады өлкө башчы.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 31-августунда "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөн. Атамбаевдин мындай айыптоо сөздөрү айтылып жаткан убакта Роза Отунбаева трибунадан нааразычылык ишараты менен кетип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан