Өлкө аймагында дагы бир интернет басылма экстремисттик деп табылып, колдонууга жана андагы маалыматтарды таратууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Ош облусундагы мусулмандар казыятынан билдиришти.
"Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 19-октябрындагы чечими менен интернет маалымат басылмасы жана андагы маалыматтар "улуттук жана диний араздашууну козутууга, диний экстремизмди жана терроризмди жайылтууга багытталган" деп табылды. Бүгүнкү күндө экстремисттик деп табылган басылманы колдонууга тыюу салынды", - деп билдирди казыяттан.
Маалыматка ылайык, буга чейин өлкө аймагында 3 диний уюм жоюлган. Ал эми диний-экстремисттик жана террордук деп табылган 18 уюмдун иши токтотулган. Мындан сырткары 8 интернет басылмасын колдонууга тыюу салынган.
Өлкө аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдар:
1. "Аль-Каида" уюму;
2. "Талибан" кыймылы;
3. Чыгыш Түркстан ислам кыймылы;
4. Күрд элдик конгресси;
5. Чыгыш Түркстан боштондук уюму;
6. "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" уюму;
7. "Жихад" тобу;
8. "Түркстан" ислам партиясы;
9. "Жайшуль Махди";
10. "Жундь-аль Халифат";
11. "Ансаруллох";
12. "Ат-Такфир Валь-Хижра";
13. "Акрамия";
14. "Ислам мамлекети";
15. "Жабхат ан Нусра";
16. "Катибат аль-Имам аль-Бухари";
17. "Жаннат Ошиклар";
18. "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад".