Колумбияда 70тен ашык адамдын өмүрүн алган авиакырсык күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам болгон

Колумбияда 70тен ашык адамдын өмүрүн алган авиакырсык күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам болгон. Бул тууралуу Колумбиянын тиешелүү кызматтарына шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Кырсык 29-ноябрда орун алган. Анда борттогу 81 адам жабыркаган. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калган, анын үчөө бразилиялык "Шапекоэнсе" клубунун футболчулары, кызматкерлери эле. Эки күндөн кийин футболчулардын бири ооруканадан каза тапкан.

"Кырсык болгон жерде изилдөө иштерин жүргүзүп, лайнерде тиешелүү деңгээлде күйүүчү май болгон эмес деген тыянак чыгардык. Эл аралык практика көрсөткөндөй, учакта кошумча 30 мүнөт учуу үчүн "резерв" болушу керек эле", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда кырсыкта каза тапкандардын 59нун өздүгү аныкталды. Анын 52си бразилиялыктар болуп чыкты. 5 адам Боливиянын, бирөө Парагвайдын, дагы бирөө Венесуэланын жараны болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasta
2016-12-01 12:30:39
Кудай сактай кор кандай чоон трагедия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан