Бүгүн, 1-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кайсы күнү кетерин болжолдуу түрдө айтты. 2017-жылдын 1-декабрында кызматтан кетүүнү ойлонуп жатканын, андан кийин бир канча жыл эс аларын айтты.
Атамбаев Орусия менен Казакстандын президенттери кызматта калууну суранышканын, бирок аларга кыргыз элинин табияты башка экенин айтып баш тартканын кошумчалады. Белгилей кетсек, президенттик кызматта калууну бир катар өлкөлөрдүн президенттери суранып жатышканын Алмазбек Атамбаев быйыл август айында Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында да айткан.