Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Камбар-Ата 1 ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен бирге куруу керек деген пикирде. Айтымында, мындай жол ГЭСти куруудагы шектенүүлөрдү жоготот. Атамбаев аталган ГЭСти куруу долбооруна кошулууга Казакстан макул экенин белгиледи.
Айта кетсек, 2016-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддары ГЭСин куруу жөнүндө Орусия жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы жетишилген келишимди денонсациялоо боюнча мыйзамды жактырган. Мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 22-январында кол койгон. Муну менен Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу боюнча Орусиянын аракети расмий түрдө токтотулган.