Орусия Кыргызстанга инвестиция салууда өлкөдөгү саясий туруктуулукка ишеним жетпей жатканын билдирди

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Орусияга болгон иш сапарында кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин 2-жыйынына катышып, анда 2012-жылы эки өлкөнүн соода алакасы 2 миллиард долларды түзгөнү айтылды. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 22-апрелде аталган кеңештин тең төрагасы Иван Поликов, кыргыз-орус ишкерлер кеңеши эки өлкө ортосундагы маалымат, тоо-кен, туризм, айыл чарба, кайра иштетүү тармагында долбоорлорду жана каржылык, банк системин жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну көздөөрүн айтты. Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов орус ишкерлери кыргыз экономикасына инвестиция салууга даяр экендигин, бирок өлкөдөгү саясий туруктуулукка ишеним жетпей жатканын билдирди. Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө рейдерлик басып алуучулукка жол берилбей турганын, мыйзам иштээрин жоопкерчилик менен айта турганын билдирди. Иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Сатыбалдиев Орусиядагы мекендештер менен жолугушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан