Алмазбек Атамбаев акаевчи жана бакиевчи деп кимдерди атоо керектигин айтты

"Мага жеткен ыкчам маалыматтар боюнча, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевден айрым саясатчылар аркылуу өлкөбүзгө акча келип жатат", - деди бүгүн, 1-декабрда маалымат жыйынында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев.

Президент белгилегендей, ал өзү Акаевдин жана Бакиевдин тушунда өкмөттө иштеген. "Бакиев менен деле иштегем, Акаев мени Даңк ордени менен сыйлаган. Бирок акаевчи жана бакиевчи деп Акаев менен Бакиевден акча алып жаткандарды, алар үчүн Минск жана Москвага барып ырдап бергендерди, жан дили менен берилип иштегендерди айтыш керек. Ал эми менин айланамдагылар да Акаев менен Бакиевдин тушунда иштешкен, бирок учурда алар өлкө үчүн иштеп жатышат", - деп түшүндүрдү Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан