"Боордош коңшуларыбыздын сырдуу блокадасын көрүп жатабыз. Эл ушуга нааразы. Кабыл алынган чечимдерге карабай фитосанитардык блокада уланууда, түрдүү тоскоолдуктарды коюп жатышат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Бул боордош элдерге таандык нерсе эмес. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки көйгөйлөрдү айтып даттанып жатабыз, эгерде ЕАЭБге кирбесек мындан да жаман болмок. Биздин эмгек мигранттарыбыздын абалы кыйындамак", - деди президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон. Бирок биримдикке кирерде айтылган убадалар, жеңилдиктер толук ишке ашырылбай жатат. Кыргыз дыйкандары 170 миллион керектөөчүсү бар ири рыноктун пайдасын көрө элек. Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөлүн албай, кыргыз тараптын айыл чарба азыктары уюмга мүчө мамлекеттерге чыгарылбай келет. Акыркы сүйлөшүүдө Казакстан ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча 30-ноябрга чейин бир жообун билдире турган болгон. Азырынча жооп жок.