Президент сыйкырчы эместиги үчүн кайгырат

"Өлкөбүздүн бардык жарандарына жардам бергим келет, сыйкырчы эмес экеним үчүн кайгырам", - деди бүгүн, 1-декабрда маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев.

"Өлкө учурда начар абалда, бирок жылдан-жылга экономикабыз өсүп, мамлекетебиз бутка туруп, маселелерди тез арада чече алабыз деп ишенем. Акыркы 5 жыл ичиндеги негизги жетишкендигибиз - бул сөз эркиндиги", - деди президент.

Мындан тышкары ал ыйгарым укуктарынан пайдаланып туугандарына жардам бербей жатканын айтты. "Мен президент болгонумда башында туугандарым кайсы бир жеке маселелерин чечип берүү боюнча жардам сурап жатышкан, бирок майнап көрбөгөндөн улам түшүнүп калышты. Мен жөнөкөй жарандарыбызга жардам бергим келет. Рак илдети менен ооруган адамдарга жардам бергим келет. Дайыма муну ойлонуп, кээде ден соолугума таасир этет", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан