"Кыргыз Республикасына кандай чечимдерди кабыл алууну үйрөткөн Түркиянын министрлерин тартипке салуу керек". Мындай пикирди 1-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
"Эрдоган өзү эмес, айрым министрлери бизге улуу ага болгусу келишет. "Андай кылбагыла, мындай кылгыла" дешет. Түркия тараптан ушундай министрлерге чара көрүүнү сурандык. Биз эгемендүү өлкөбүз. Мен Түркияга дайыма ыраазымын, убагында биздин өлкөнүн 50 миллион доллар карызын кечкен", - деди Атамбаев.
Белгилей кетсек, Эрдоган-Гүлен тирешинен улам кыргыз-түрк мамилеси мурункудан солгундай түшкөн.