1-декабрдагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин биринин социалдык тармак үчүн чогуу сүрөткө түшүү сунушунан баш тартты. Президент муну "телеканал үчүн жарнама болуп калат" деп түшүндүрүп, маалымат жыйындын соңунда бардык журналисттер менен бирге сүрөткө түшүүгө макул экенин айтты.
Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылы маанилүү беттеш алдында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын оюнчулары менен селфиге түшкөн.