Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев чыгармачылыгын улантат. Бул тууралуу ал 1-декабрда маалымат жыйынында билдирип, ырчылык өнөрү менен алектенүүгө бир жылдан кийин же президенттик кызматтан кеткенден кийин кенен убакыт болорун белгиледи. Демек, кыргыз эли президенттин жаңы ырларына күбө болору күтүлөт.
Айта кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин гитаранын коштоосунда аткарган бир нече ыры коомчулукка жарыяланган. Алардын ичинде элде жакшы кабыл алынып, радиолордон берилип жүргөндөрү да бар. Президенттин чыгармачылыгын колдогондор да, ырдоого арнаган убактысын элдин жашоосун жакшыртууга жумшаса жакшы болорун айткандар да бар.