Бүгүн, 1-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. 4 саатка созулган жыйында президент 5 жыл ичинде аткарылган жана аткарылбай калган иштер, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана тышкы мамилелер жаатында жалпы 70тен ашык суроого жооп берди. Жылда декабрдын соңунда өтчү маалымат жыйындын быйыл 1 айга эрте өтүшүн айрымдар 11-декабрда өтүүчү референдумга байланыштырышты. Таң калтырганы, жыйында референдум жөнүндө көп сөз болгон жок. Журналисттердин баары бул демилгенин тагдыры эчак чечилген, референдум өтөт деген жыйынтыкка келишкендей. Өлкө башчынын жообун талап кылган башка суроолор да көп болчу. Алардын негизгилери - тышкы саясат, Атамбаевдин президенттиктен кийинки аракеттери, орду жана башкалар. Президент 2011-жылдан бери соттук реформаны ишке ашыра албаганын моюнга алды. Буга оппоненттери айтып жаткандай өзүнүн айланасындагы адамдарды эмес, тийиштүү мыйзамдардын жоктугун күнөөлөдү. Анан да себептердин бири катары убакыттын тардыгын атады. "Реформа жасоо үчүн жаңы мыйзамдар керек. Анын үстүнө реформа үчүн 5 жыл аз убакыт. Референдумга соттук реформага байланыштуу бир катар сунуштар киргизилип жатат", - деген президент сот тармагы референдум өтсө эле оңолоруна өзүн да, элди да ишендиргиси келди. Чын эле сот тармагы 11-декабрдан кийин жаңыча иштей баштайбы же бийликтин каршылаштары айткандай бир адамдын көзүн караган сот системи пайда болобу, аны келечек көрсөтөт.
Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктаарына туура 1 жыл калды. Президенттик шайлоого чейин коомчулуктун көңүлү эми президенттикке талапкерлерге бурулат. Бийлик сөзсүз түрдө өз талапкерин чыгарат. Бирок дайыма болуп келгендей, шайлоого жакын оппозициялык партиялардын колдоочулары өсүп, бийликчил партияга ишеним солгундашы мүмкүн. Бул оппозициядагы партиялардын элди ээрчитип кетүүгө жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Бүгүн Атамбаев "кийинки президент болуп калса таң калбайм" деп Жогорку Кеңештин оппозициясындагы Өмүрбек Бабановго кошо Бакыт Төрөбаевди атап, Төрөбаевдин амбициясына акырын май тамызып койду. Төрөбаев жалпы республикалык лидер деңгээлине чыга элек болсо да, өз алдынча партия түзүп, парламентке "Ата Мекенден" жана "Бир болдон" көп орун менен келип элди ээрчите аларын далилдеген. Бабановдо Төрөбаевдикине салыштырмалуу президент болууга мүмкүнчүлүгү жогорураак. Бабановдун акыркы мезгилде бийликке да, оппозицияга да биротоло ыктабай ортодо кармалып турушу Атамбаевдин командасы менен тил табышууну каалаганын ачык калтырганынан кабар берет...