Нарын шаарында СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Нарын шаарында СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Борбордук аянтта 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медициналык мекемелердин кызматкерлери, студенттер жана мектеп окуучулары катышышты. Акциянын алкагында оору жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө ВИЧ-инфекциясы жөнүндө маалыматтарды камтыган китепчелер таратылды. Мындан сырткары саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери арасында “Флешмоб” сынагы өткөрүлдү. Анын жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды.

Белгилүү болгондой, иш-чара Нарын шаардык мэриясы жана СПИДге каршы күрөшүү борбору тарабынан уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан