Шаарды өнүктүрүү пландары баарына ачык болушу керек!

Нуржан Тынымсеитова шаардык кеңештин 26-чакырылышында архитектура жана жер пайдалануу маселелери менен алектенген. Бул - борборубуздун чыныгы көйгөйү. Көпчүлүк шаар тургундарын жашыл бакчаларыбыздын акырындап жок болуп баратышы, эч бир курулуш нормалары жана эрежелерине жооп бербеген баш аламан курулуштар, "элиталык үйлөрдүн" пайда болушу тынчсыздандырат. Ошондуктан, анын айтымында, Бишкекти өнүктүрүү боюнча пландын баары ачык болуп, коомчулуктун талкуусунан өтүшү керек.

- Мен БШКдагы СДПК фракциясы шаардагы курулушту туура жолго салуу үчүн көп күч жумшаганын айта алам. Тилекке каршы, шаарыбыздагы жаңы курулуштардын көбүнүн уруксаты 2006-2009-жылдары, мыйзамдуулук тебеленип жаткан учурда берилген. Анын жыйынтыгын азыр көрүп жатабыз. Мындай учурда куруучуларга чара көрүү татаал, себеби формалдуу түрдө алардын колунда тиешелүү документтери бар. Бирок бул социал-демократтар ушуну менен кол куушуруп отуруп калды дегендик эмес.

Биздин демилгебиз менен Бишкектин борбордук бөлүгүн толук пландоо долбоорун иштеп чыгууга бюджеттен 20 миллион сом бөлүндү. Ал каражаттын жумшалышын, жумуштун жүрүшүн да дайыма көзөмөлдөйбүз. БШКда аны аткаруучуларды бир нече жолу угуп, өз сунуштарыбызды бергенбиз. Азыр бул иш аягына чыгып баратат. Ордо калаанын очогун толук пландаштыруу деген – бул кайсы жерге үй курулушу керек, кайсы жере бак-дарак отургузулуп, балдар ойноочу аянт сыяктуу дагы башка зарыл нерселерди ийне-жибине чейин тактоо.

Долбоордун жыйынтыктоочу этабында шаардыктардын катышуусу менен ачык талкууга алынышы керек деп эсептейм. Андан соң мэриянын сайтына бул документти жайгаштырып, Бишкектин каалаган тургуну тааныша ала турган шарт түзүү зарыл.

Биз кезинде уурдалып, мыйзамсыз ээленген шаарга тиешелүү аянттарды кайтарып алуу үчүн активдүү күрөштүк. Албетте, анын арасында шаарыбыздын көркү болгон жашыл зоналар да бар. Ошондон бир мисал – бул 6-кичи райондогу Кайың токойчосу. Ал жерге салынуучу имараттын планы да чийилип калган. Биз ага кичи райондук маанидеги макамды берип, чек арасын так аныктап койдук. Эми ошол чек араны эч кимдин буза албастыгына кепилдик бар.

Биз ошондой эле азыркыга чейин сот процесси уланып жаткан Фучик атындагы сейил бак үчүн да күрөштүк. Бакаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги Журналисттер аллеясы үчүн кармашта жеңишке жетиштик. Эгер БШКнын кийинки чакырылышына кайрадан келип калсам, мен бул күрөштү дагы улантам. Анткени мыйзам чыгаруу органындагы эмгектенген төрт жылдын ичинде мен шайлоочуларымдын укугун эффективдүү коргоо үчүн жетишерлик тажрыйба топтодум.

Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 1-декабрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан