Депутат: "Бокс боюнча курама командабыз машыккан залдын абалы ат сарайлардан да начар"

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Урмат Самаев бокс боюнча курама команда машыккан "Спартактагы" залдын абалы боюнча маселени көтөрдү.

"Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы машыккан залдын абалы бүгүнкү күнү өтө эле кейиштүү, кээ бир ат кармоочу сарайлар ага караганда шарты жагынан жогору турат. Бул залдан Дүйнө чемпиондору Андрей Курнявка, Айбек Абдымомунов, Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолку Азия чемпиону болгон Азат Усеналиев, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү Эрмек Сакенов, Турат Осмонов жана Чыңгыз Борбашев деген атактуу мушкерлерибиз чыккан жана бүгүнкү күнү да машыгып келишет", - деди депутат.

"Жылдын башында машыгууларга Бириккен Араб Эмираттарынан, Алжирден жана Ирактан спортчулар келип, курама командабыздын залын көрүп абдан таң калышты. "Ушул залдан да чемпиондор чыгабы?" дешти машыктыруучулар. Ошол себептен бул курама командабыздын бокс залын оңдоого керектүү акча каражатын бөлүп, спортчуларыбызга шарт түзүп беришибиз керек. Анан гана Олимпиададан медаль күтүшүбүз керек. Бул залда 25 жылдан бери капиталдык оңдоо иштери боло элек", - деп маалымдады Самаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан