Бишкектин Ала-Тоо конушундагы өрттө чыгымга учураган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Бишкектин Ала-Тоо конушундагы өрттө чыгымга учураган үй-бүлөгө Ленин райондук администрациясы тарабынан жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Б.Шергазиевге таандык үй жакында күйүп калган. Өрт үйдүн ичиндеги эмеректерди, үйдүн чатырын, терезелерин жараксыз абалга алып келген. Тилсиз жоонун курмандыгы болгон үйдүн короосуна курулуш материалдары жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
momun74
2016-12-01 19:39:02
Ма Ша Алла! Жардам берген инсандардан Аллах ыраазы болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан