21 жаштагы Асел (аты өзгөртүлдү) милиция кызматкери тарабынан ур-токмокко алынып, зордукталганын SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, окуя 26-ноябрь күнү Ош шаарында болгон. Анда саат 18:00 чамасында курбу кызына бараткан жолдо белгисиз адам унаасы менен келип токтоп, жеткирип коёрун айткан.
"Оюмда жаман нерсе жок макул болуп, курбумдукуна бардык. Кийин ал бош экенин айтып, курбум экөөбүздү иштеген жерине алып барды. Чоңдордун үстүнөн "боюмда бар" деп арыз жазуубузду суранды. Биз ага макул болгон жокпуз. Андан соң жумуш ордунда спирт ичимдигин ичип, мас болуп калды. Бир маалда мени сыртка сүйрөп чыгып, унаасына салып шаардын четине алып барды. Ал жакта ур-токмокко алып, зордуктады", - дейт Асел.
Каарманыбыз 28-ноябрь күнү шаардык прокуратурага арыз жазган. Бирок ал иштин адилет тергелишинен күмөн санайт.
"Ал милиция кызматкеринин бардык жакта таанышы бар экен. Соттук-медициналык экспертизадан өттүм, бирок алар мага жыйынтыгын айтышкан жок. Прокуратурага өзүбүз беребиз деп айтышты. Ооруканага жатайын десем, ал жакта да анын адамдары бар экен. Мындан улам иштин адилет тергелишинен күмөн санап жатам", - дейт каарманыбыз.
Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына кайрылганыбызда, жабырлануучу тараптан арыз келип түшкөнүн тастыктап, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Айрым маалыматтарга караганда, "21 жаштагы студент кызды зордуктады" деп айтылып жаткан жаран ИИМдин Түштүк аймак аралык башкармалыгынын кызматкери экени айтылууда.