Жогорку Кеңештин депутаттары мушкер Руслан Абасовдун өлүмү боюнча тергөө иштери аягына чыга электигине нааразы. Депутат Урмат Самаевдин айтымында, мурунку ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жакын арада Руслан Абасовдун өлүмү боюнча кылмыш иши ачыларын убадалаган.
"Бүгүнкү күнгө чейин бул иш аягына чыга элек. Арадан билинбей эле 2,5 жыл өтүп кетти. Ошондуктан ошол кылмыштын бетин тез арада ачып, күнөөлүү адамдарды жоопко тартып, коомго ачык жарыялаш керек. Анткени өз убагында Руслан Абасов Кыргыз Республикасынын желегин желбиретип, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан азаматтардын бири эле", - деди Самаев.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 27-мартында Руслан Абасов унаасындагы жардыруудан улам каза тапкан. Окуя Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болуп, спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумган. Спортчунун артында эки уул, бир кызы калды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Абасовдун өлүмү боюнча 250дөй адам суракка алынган. Алардын арасында 2005-2012-жылдар аралыгында жалпы жарандык паспорт менен камсыздаган “Интел Линкс” ишканасынын жетекчиси Дмитрий Цой жана кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Камчы Көлбаевдин иниси да бар.