Бишкекте 20 мектеп карантинге жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, калаанын 20 мектеби карантинге жабылды.

"Бул жумада борбор тарабынан калаанын бардык райондорунан 59 мектеп текшерилип, №1, 6, 12, 13, 17, 22, 23, 28, 29, 33, 38, 40, 48, 57, 61, 65, 66, 67, 78, 79-мектептерде, "Ариел-Лиор" жеке бала бакчасында, КРСУ жана "Сейтек" жеке мектептеринде 30 пайыздан ашык окуучу сасык тумоо менен ооруганына байланыштуу сабактарга катышпай жатышат. Буга байланыштуу окуу процессин 5 күнгө токтотуу токтому чыгарылды. Медиктер башка жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын сабактарга келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына сасык тумоо менен ооруган 422 адам жаткырылган. Анын ичинен 395и 14 жашка чейинки балдар, бул көрсөткүч 93 пайызды түзөт.

Калган мектептер боюнча акыркы чечим Бишкек шаарынын мэриясынын координациялык комитетинин 2-декабрда өтө турган жыйынынан кийин кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Дарыгер
2016-12-02 10:44:59
Кыш башталбай жатып эле карантинге кирип кетиптирбиз го. Бул мамалекетизбин социалдык камсыздалуусунун бир корсоткучу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан