Өткөн суткада Кыргызстанда 9 өрт кырсыгы катталганын бүгүн, 23-апрелде ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Айта кетсек, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 жана Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. “Күтүүсүз кырсыктан адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар катталган жок. Ош облусундагы Чоң-Алай райондук дарыгерлердин практикалык борборунан өрт чыгып, 6 чарчы метр аянт күйгөн”,- дейт Танабаев.