Кыргыз жеринде Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы жоюлду

Өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жоюлду. Маалыматты 1-декабрда өкмөттүн маалымат кызматы таратты. Аталган кызматтын функциялары Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилет. Мекемени жоюу процедурасы аягына чыккыча кызматкерлер буга чейинки милдеттерин аткарып турушат. Бул тууралуу өкмөттүн токтому расмий жарыяланган күндөн 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул кадам Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин укук коргоо органдарын реформалоо чечиминин алкагында жасалды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баңгизаттарды көзөмөлдөгөн кызматты жоюу айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын айтып, бул аракет бийликтин чоң катачылыгы болорун эскертишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beksultan-007
2016-12-02 09:29:54
Озун озу актап жаткан кызматты жойуунун кереги бар беле. Канчалаган кызматкерлер(жумуштун айынан канчалаган думан арттырган) эмне кылат.
+3
admin_portal
2016-12-02 13:58:33
MOSKVICH, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Эскертүү!
0
MOSKVICH
2016-12-02 14:05:43
admin_portal,оюмду айттым. Очурбогуло ага айтылган создорду, пускай билсин АША жонундо элдин мнениеси кандай экенин. "Акты ак караны кара" деш керек озу айтмакчы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан