Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни 1-декабрда Бишкекте өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулады.
Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдору талкууланды. Турсунбеков маектешин АКШдагы президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктап, быйыл өлкөлөр ортосундагы алакалардын түзүлгөнүнө 25 жыл болгонун белгиледи. АКШ Кыргыз Республикасы үчүн көп колдоо көрсөткөнүн белгилеп: "Биз АКШнын калкына жана жетекчилигине ыраазыбыз", - деди.
Шейла Гуолтни АКШ Кыргыз Республикасындагы демократиялык жаңыланууларды колдоорун белгилеп, мындан аркы байланыштар түшүнүшүү жана тең салмактуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде уланарын билдирди.