Кечээ, 1-декабрда Алмазбек Атамбаевдин расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Президенти катары ишке киришкенине 5 жыл болду. Үстүбүздөгү жыл президенттин катышуусундагы саясий окуяларга бай болду. Окурман катары сиз да алардан кабардарсыз, ал эми айрым окуялардан кабарыңыз жок болушу мүмкүн. Төмөнкү сүрөттөрдө Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылкы ишмердүүлүгү чагылдырылат.