1-декабрда Ош гуманитардык педагогикалык институтунда КРнын Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, милициянын подполковниктери Эрлан Бакиев жана Манас Аманбаев студенттер менен жолугушту.
Окуу жайдан кабарлашкандай, анда учурдун актуалдуу көйгөйү болгон экстремизм-терроризм жана диний маселелер туурасында сөз болуп, жаштарга милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле иш-чаранын соңунда студенттерден берилген суроолорго адистер жоопторун беришип, өлкөбүздүн коопсуздугуна көңүл бөлүү жалпыбыздын милдетибиз экенин баса белгилешти.