Москва шаарына Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургузуу демилгеленүүдө

Орусиянын Москва шаарына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат. Бул тууралуу 22-апрелде кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйынында белгилүү болду. КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев эстеликти орнотууга аталган шаардан жер бөлүп берүү керектигин белгиледи. Өз кезегинде Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов бул сунушту өкмөткө жиберсе болорун айтты. “Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузуу аздык кылат. Ал кыргыздын гана жазуучусу эмес, ал биздин да жазуучу. Айтматов баарыбыздын тарыхыбыз, баарыбыздын адабиятыбыз”,- деди Бельянинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан