Мындан 24 жыл мурун, 1992-жылы Англияда дүйнөдөгү алгачкы SMS-кат жөнөтүлгөн.
SMS (Short Message Service - Кыска каттар кызматы) жөнүндөгү идея алгач 1984-жылы пайда болуп, 1989-жылы Фридхельм Хиллебранд, Бернар Жильбер, Финн Тросби, Кевин Холли, Йан Харрис сыяктуу инженерлер тарабынан иштелип чыккан. 1992-жылы уюлдук тармакта иштеген Англиядагы “Sema” компаниясы тарабынан дүйнөдөгү биринчи SMS-кат жөнөтүлгөн. Анда “Рождество майрамыңыз кут болсун!” деп жазылган.
2-декабрга карата жылнаама.