II Көчмөндөр оюндарын даңазалоо иш-чараларына 31,8 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, аталган максатка өкмөттөн 37 миллион сом бөлүнгөн эле. "III Көчмөндөр оюндары 2018-жылы Ысык-Көл облусунда өтмөкчү. Өкмөттүн бул тууралуу тиешелүү буйругу жок, бирок оюндарды уюштуруп жаткан мекемелер мындай чечимди кабыл алышты", - деди чиновник.
Депутаттар мындай жоопко нааразычылыктарын билдиришти.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаев кийинки Көчмөндөр оюндары кайсы жерде жана качан өтөрүн айтуу али эрте экенин айтты. Депутат Бахадыр Сулайманов демөөрчүлөрдөн түшкөн 3 миллион доллардын эмнеге жумшалганы боюнча отчёт берилбегенине нааразы болду.
Айта кетсек, II Көчмөндөр оюндарына жалпысынан болжол менен 2 миллиард сом жумшалган. Бул акча каражатынын 90 пайызы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.