"Кыргызстан өлкөнүн имиджин реабилитациялоого муктаж". Бул пикирди кечээ Орусиядагы мекендештер менен жолугушуу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Бул жолугушуу премьер-министрдин аталган өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында болуп өттү. “Биздин өлкөдө ар бир күн, ар бир жума сайын митинг болуп жатканы баарына маалым, бирок сиздер аркылуу келечектеги инверсторлорго "Кыргызстанда абал туруктуу" деп айткым келет. Ал туруктуулук канчалык деңгээлде сакталарын убакыт көрсөтөт, буга сиздердин да жардамыңыздар керек. Сиздерге айтарым, өкмөт өлкөдөгү саясий туруктуулукту колдоп келген жана колдой берет. Учурда тийиштүү жоболор, мыйзам долбоорлору кабыл алынып жатат, бирок жалпы кыргызстандыктар өздөрү да алдыга умтулуусу керек”,- деди Сатыбалдиев.
Ошондой эле өкмөт башчы өлкө колдоого муктаж экенин белгиледи. “Өлкөдөгү акыркы болуп өткөн окуялар мыйзам иштебестигин көрсөттү. Мен сиздерден, мекендештерден өлкөнүн имиджин реабилитациялоого, Кыргызстан жөнүндө жакшы пикирлерди айтууга чакырам”,- деди премьер-министр.