Кытайда 21 жыл мурун өлүм жазасына тартылган жигиттин күнөөсүз экени аныкталды

Кытайда 21 жыл мурун Не Шубинь аттуу жаран "зордуктоо жана адам өлтүрүүгө барган" деп айыпталып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. 1995-жылы соттун өкүмү боюнча ал өлүм жазасына тартылган.

Чет элдик басылмалар кабарлашкандай, арадан 21 жыл өткөндөн кийин Не Шубинь ак жеринен соттолгону аныкталды. Тактап айтканда, жүгөрү талаасында аялды зордуктоо жана өлтүрүүгө анын тиешеси жок экени маалым болду. Бул кылмыш Ван Шуцзинь тарабынан жасалганы 2005-жылы аныкталып, кылмышка шектүү тиешелүү фактыларды келтирүү менен кылмышка барганын билдирген. Сот Ванды өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарганы менен, өкүм бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Себеби айыпталуучу чечимге макул болбой, апелляциялык арызын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
surgeon777
2016-12-02 14:01:32
олум жазасынын терс жагы ушу да,бейкуноо адамды олтуруп алышат,же жалган жалаа жабылып олуп кетишет.
+28
TEH
2016-12-02 14:16:27
Так иликтеп алып анан олтyрбойбу
+15
edik.toloikon
2016-12-02 14:16:52
бизде эле эмес Кытайда деле акыйкат жок экен да, биздикилер кичине бир нерсе болсо эле ой биздин соттордо акыйкат деген нерсе жок деп нааразы болобуз))
-12
Tansuluu09
2016-12-02 14:21:09
Ошону 21жылдан кийин актап чыканын карасанар ......
Бизде болсо соттор 5 жыл болсо дагы узап журо берет
+15
Arslan12
2016-12-02 14:38:52
Окунучтуу!!!
+8
chingizhan01
2016-12-02 15:40:18
Ошондо 21жыл тергоо камагында олтурган болобу?
-7
mishonia8077
2016-12-02 16:21:04
chingizhan01,Олум жазасына тартылган турбайбы куноосуз киши куноолусу тартыла элек экен
+6
12.12.12
2016-12-02 15:46:40
Жалган жаалаа менен бизде деле канча адамдар соттолуп жатат
+11
ekaterinburg
2016-12-02 16:04:59
Боодо кырсыктан,жалган жалаадан сакта дейт ошол учун.
+7
maks83
2016-12-02 16:07:06
бизге олум жазанын кереги жок окшойт анткени .....!
+1
Saribulak
2016-12-02 17:47:36
Бизге олум жазасы кирсе анда дагы эле карапайым калкка зыяны тиет.
+1
elmurat.kg
2016-12-02 20:27:47
бул кытай учун жоготуу эмес.канча адам коп олсо кытайлар оздору ошончо суйунушот.чогуп бара жаткан адамдардыда куткарышпайт экен.бул озунун тагдыры.эчким ищи болбосцн деп
+1
aminali
2016-12-02 20:56:24
Ошондо бул куноосуз олдубу?же олум жазасын кутуп эркиндик бердиби? Тушунугум азайып калса керек,окусам да тушуно албай ойлонуп отурам.
0
kansulu
2016-12-03 16:55:39
aminali,
Олбоптур.арызын жазган сот чечимине макул эмесмин деп
0
surgeon777
2016-12-03 23:09:28
kansulu,куноосуз адамды куноолуу деп олум жаза берип олтургондон кийин чыныгы куноокор табылып отурбайбы,эми ал апелляциялык арыз берип ал иш каралганча отурбайт дейт.
0
sagynbek.apyshev
2016-12-03 09:06:58
Бунун мындан аркы тагдыры эмне болот эми?? Баарынан кеч калдыго. Мамлекет жардам бериш керек уй машина жумуш
0
Bless
2016-12-04 01:45:42
Урматтуу суперинфо жамааты . Менин сунушум болгон жигит созун жаран жее киши созуно алмаштырганыньыздар учун ракмат. .. ж
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан