Кыргыз Республикасы-Кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасы-Кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 13:2 чамасында болгон. Анын очогу Нура айылынан 37 чакырым түштүктө жайгашып, күчү 4 баллга жеткен. Ал эми Алай районундагы айрым калктуу пункттарда 2-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан