II Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Ата шаарында салынган ипподром 8 жылда өзүн актамакчы. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, ипподромдун курулушуна 1,5 миллиард сом жумшалган. "Түзүлгөн бизнес-план боюнча курулушка кеткен каражат 8 жыл ичинде кайтарылышы керек. Эл аралык талаптарга жооп берген бул ипподром Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде алгачкы болуп саналат", - деди чиновник.
Айта кетсек, II Көчмөндөр оюндарына жалпысынан болжол менен 2 миллиард сом жумшалган. Бул акча каражатынын 90 пайызы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.