Бишкекте эмеректер сакталган кампада чыккан өрт толук өчүрүлдү

"Таатан" соода борборунун жанындагы кампада чыккан өрт толук өчүрүлүп бүттү. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынын башчысы Элмира Шерипова билдирди.

"Кампада эмеректер сакталып турган. Азырынча келтирилген чыгым аныктала элек. Өрттүн жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү", - дейт Элмира Шерипова.

Айта кетсек, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 11:14 чамасында келип түшкөн. Кырсык болгон жерге 5 өрт өчүрүүчү унаа барып, саат 11:53тө өрт чектөөгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан