Кытайда "Титаник" кемесинин көчүрмөсүн куруп жатышат

Кытайдын Сычуань провинциясында буга чейин дүйнөдөгү эң кубаттуу, чоң жана кымбат деп эсептелинип келген "Титаник" кемесинин көчүрмөсүн куруп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарда ал деңизден алыс жайгашып, сууда сүзүүгө чыкпай турганы айтылат. Болгону мейманкана катары кызмат көрсөтөт. Аны куруудагы башкы максат - келгендерди мындан 100 жыл мурдагы мезгилге алып баруу, аларга кеменин чөгүп баратканын жон тери менен сезүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Курулуштун сырткы көрүнүшү чөгүп бара жаткан кемени эске салат, ички жасалгасы дал "Титаник" кемесиндегидей болот.

Келген конокторго "Титаник" кемесинин айсбергге урунган учурун көрсөтүп берүү мүмкүндүгүн жараткан аттракциондун үстүнөн учурда Голливуд продюсери Кертис Шнель иштеп жатат. Анын айтымында, куруучулар мурунку кеменин так көчүрмөсүн жасоону максат кылышпайт, бирок кеменин сырткы көрүнүшү тарыхый кемеге дал келет. Ошондой эле анда туристтер үчүн бир нече каюталар курулат. Долбоордун бюджети алгач миллиард юанды (10 миллиард сомго жакын) түзгөн, бирок учурда андан да көп экени айтылат.

Кытай "Титанигинин" узундугу 269 метрди, туурасы 29 метрди түзөт. Долбоор 2017-жылы соңуна чыгат деп айтылганы менен, куруучулар дагы 2,5 жыл керектелерин айтышууда.

Белгилей кетсек, 1912-жылы 14-апрелде "Титаник" кемеси айсбергге урунган. Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча 10-апрелде сууга чыккан кеменин бул алгачкы жана акыркы сапары катары тарыхта калган.

1916-жылы 21-ноябрда Эгей деңизинде "Титаник" кемесинин "эгизи" деп эсептелген "Британик" кемеси суу алдында катылган бомбага тийип, анын кесепетинен жарылуу болгон. Окуядан 55 мүнөт өткөндө кеме чөгүп кеткен. Натыйжада 30 адам каза болуп, куткаруучулар 1036 адамдын өмүрүн сактап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aikokul14
2016-12-02 16:11:27
Кытайлар кыйын калк чындыгында,аларга образец болсо эле болду,баарын жасай беришет,кытайлардын колунан келбеген иштин озу жок.
+2
tulpar90
2016-12-02 16:18:37
Кытайдан Кыргызстанга келген товарлардын жарымын балдары кол эмгектен жасашса керек..
+5
Musabaeva.
2016-12-02 16:24:56
tulpar90,)))))
0
Rifle_I
2016-12-02 17:10:20
Кытайда эң кымбат машиналарды да көчүрмөсү бар экен. Бугатти, ламборжини айдагандар кадимки эле адамдар экен. Кытайга барып келгендер айтып келишти. Бирок экспорт кылууга тыюу салынган экен.
0
ainura220888
2016-12-03 02:22:48
Чын кытай жасабаган нерсе жокда озу. Капустаны жумуртканы куручту жаасалма жасап жеп аткандайын башкасына соз жокда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан