ЖЫЛНААМА, 2-ДЕКАБРЬ: 39 жыл мурун, 11 жылдык өмүрүндө 2279 эмгек жараткан советтик сүрөтчү-вундеркинд Саша Путря төрөлгөн

Мындан 39 жыл мурун, 11 жылдык кыска өмүрүндө 2279 эмгек жараткан сүрөтчү-вундеркинд Саша Путря төрөлгөн. Ал 1977-жылы 2-декабрда Украинанын Полтава шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Евгений Путря сүрөтчү, апасы Виктория музыкалык окуу жайда сабак берген дирижёр-хормейстер болгон.

Саша 3 жашында колуна калем, кыл калем алып сүрөт тарта баштаган. Ал тынбай сүрөт тартып, кээде отурган жеринде уктап калчу экен. Ал "мен чоңойгондо сүрөтчү болуп, эртеден кечке чейин, жадакалса түндө дагы сүрөт тартам" деп айткан. Атасы эки бөлмөлүү батиринин уктоочу бөлмөсүн өзү жана кызы үчүн сүрөт чеберканасына айланткан.

Кичинекей сүрөтчү өмүрүнүн аягына чейин ичинде ыр, карикатура жана сүрөттөрү бар 46 альбом чыгарып, саймалар, пластилинден ар кандай фигураларды, жумшак оюнчуктарды, мончоктон ар кандай көркөм буюмдарды жасаган. Мындан тышкары Саша техникалык чиймелерди ойлоп таап, ал аркылуу адамдар Айга барып, жолдорго асфальт төшөсө деп кыялданган.

5 жашка чыкканда таланттуу сүрөтчүгө лейкемия диагнозу коюлуп, 11 жашында, 1989-жылы 24-январда ооруканадан каза болгон. 1989-жылдан 2005-жылга чейин 10 мамлекетте анын 112 сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүп, Австрияда Сашанын сүрөтү менен почта конверти, штемпель чыккан. 1994-жылы Неля Даниленко "Сашенька" деген аталыштагы даректүү тасма жараткан. Ал эми 2004-жылы режиссёр Николай Бурнос "Саша Путря" деген фильм тарткан.

2-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан