Гуламжан Анарбаев өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 2-декабрда өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Гуламжан Анарбаев 2012-жылы Футбол федерациясынын вице-президенти кызматын аркалаган. Андан кийин Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, 2015-жылдын июлунда кызматтан бошотулган.