Өлкө аймагында соңку убактарда өрт кырсыктары байма-бай катталып келет. Бул учурда күжүрмөн даярдык менен барган өрт өчүрүүчүлөр өз өмүрүн тобокелге салып, тилсиз жоону токтотууга ашыгышат. Айрым убактарда кызмат учурунда ден соолугунан ажырап, кээде өмүрү менен коштошкондор бар. Тилсиз жоо көп чыгым алып келсе, өрт көпкө созулса өрт өчүрүүчүлөргө сөз тиет. Бирок бардык учурда эле өрт өчүрүүчүлөр күнөөлүү эмес экенине ынандык. Эскилиги жеткен техникалар, эски кийимдерди кийип жүргөн кызматкерлердин абалы менен SUPER.KG порталы таанышып кайтты.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күнүмдүк жашоосун, аткарган ишинин татаалдыгын жана өмүргө кооптуулугун коомчулукка чагылдыруу максатында Бишкек шаарындагы Осмонкулов көчөсүндө жайгашкан бөлүгүнө бардык. Алгач имараттын абалы менен таанышып, ичиндеги шарттарына күбө болдук. Өрт өчүрүүчү кызматкерлердин имаратына кирерибиз менен суусу толтурулуп, даяр турган унааларды көрдүк.
Күн-түндөп нөөмөт бөлүмүндө турган кызматкерлер үчүн жатакана уюштурулган. Мында кызматкерлер эс алышат. Бош убактыларында шахмат, шашки, теннис ойношот. Чакыруу түшөр замат 1-2 мүнөт ичинде кийимдерин кийип, шаймандарын алып чуркашат.
Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинде макала даярдоо учурунда борбор калаада имарат күйүп жатканы тууралуу чакыруу келип түштү. Бул чакыруу атайын даярдык же уюштурулган окуу эмес эле. Өрт өчүрүүчүлөр менен кошо кырсык болгон жерге бет алдык. Өрт өчүрүүчү унаанын катуу чыккан сиренасына карабай көпчүлүк айдоочулардын жол бербей, тең жарышып айдап жатканына күбө болдук. Арасынан айрым унаалар гана жол бошотуп беришти.
Өрт өчүрүү учурунда кызматкерлер ыкчам кыймылдап, өз ишин так аткарышты. Бирок эскилиги жеткен суу түтүктөрүнүн ар кайсы жеринен суу чачырап жатты. Анчалык чоң эмес өрттү өчүрүүгө жарым сааттай убакыт кетти. Кырсык болгон жерге топтолгон тургундар өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти.
Соңку убактарда Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигине көңүл бурулбай калганы айтылды. Ал тургай акыркы 7 жылдан бери жаңы өрт өчүрүүчү унаалар алына элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Арзымаматов айтып берди.
"Биздин агенттиктеги унаалардын 73 пайызы 1965-1980-жылдары өндүрүштөн чыгарылган эски унаалар. 2009-жылы Орусиядан 65 унаа алганбыз. Бул унаалар менен агенттиктеги унаалардын 23 пайызы гана жаңыланган. Жалгыз гана 50 метр бийиктикке чыгуучу унаабыз бар. Бул 16-кабатка гана жете алат. Эгер 16-кабаттан жогорку кабаттарда өрт чыкса, аны биз өчүрө албайбыз. Тик учагыбыз да жок. Мындан сырткары 50 метрге жетүүчү автошаты иштеп келген, бирок ал учурда бузук абалда", - деп билдирди Арзымаматов.
Бактыбек Арзымаматовдун маалыматына ылайык, агенттиктеги өрт өчүрүүчүнүн кийимдери акыркы 5 жылдан бери жаңылана элек. Агенттикте өлкө боюнча 3 миңден ашуун кызматкер эмгектенет. Ал эми калкка кызмат кылып өрт өчүрүүгө чыгып жаткан унаалар 50 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланылып келет.
"Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигиндеги кызматкерлерге голландиялыктар кийип, керектен чыгарылган формаларды гуманитардык жардам катары алып келип беришкен. Бүгүнкү күндө өрт өчүрүүчүнүн формасы өзү 7 миң сомдон 12 миң сомго чейин бааланат. Башка кийилүүчү каска 5 миң сомдон жогору турат. Куру, балтасы, бут кийими - баары биригип бир кызматкерди толук кандуу даярдоого 30 миң сомдон жогору каражат кетет", - деп кошумчалады материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
Ал эми тик учак сатып алууга 24 миллион сомдон көп акча каражаты жумшаларын, бирок андай каражат аталган агенттикте жок экендигин Арзымаматов кошумчалады. Ошол эле учурда тик учак сатып алууга мамлекеттик казынадан каражат бөлүнбөй жатканы айтылды.