Эрмек Ибраимов Кыргыз Республикасынын Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия жана Польшадагы элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун 2-декабрда президенттик аппарат маалымдады.
Эрмек Ибраимов өлкөнүн Австриядагы элчиси жана ЕККУдагы өкүлү кызматын 2014-жылдан бери аркалап келген. Ал эми Чехия, Словакия, Венгрия жана Польшадагы элчи кызматын аркалоо милдети ага 2015-жылдын июнунда жүктөлгөн. 2014-жылга чейин Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси кызматында иштеген. Белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун уулу.