2-декабрда Координациондук комитеттин отурумунда жугуштуу оорулардын, сасык тумоонун алдын алуу маселелери каралды. Анда учурда Бишкек шаарындагы мектептерде окуучулардын сабакка баруусу кескин төмөндөгөнү айтылган. Билим берүү райондук борборунун жүргүзгөн мониторингине ылайык, 93 мектептин арасынан 35 мектепте келбеген окуучулардын саны 20 пайыздан ашкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Буга байланыштуу Сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча комитет борбор калаадагы окуу процессин бир жумага токтотуу чечимин кабыл алган. Тагыраагы, 5-декабрдан 12-декабрга чейин окуу процесси токтотулат. Бала бакчалар да текшерилип, оорулардын мониторинги жүргүзүлмөкчү.