ЖЫЛНААМА, 2-ДЕКАБРЬ: 45 жыл мурун Бириккен Араб Эмираттары түзүлгөн

1971-жылы 2-декабрда Арабия жарым аралынын чыгыш бөлүгүндө, Персия жана Оман булуңдарынын жээктеринде Бириккен Араб Эмираттары деп аталган федеративдик мамлекет түзүлгөн.

Алгач аталган мамлекетке Абу-Даби, Дубай, Шаржа, Ажман, Эль-Фужайра жана Уммэль-Кайвайн деген 6 эмират кирген. Ал эми 1971-жылдын 23-декабрында аларга Рас-эль-Хайма кошулган. БАЭ республикалык жана монархиялык түзүлүштүн айкалышы болуп эсептелет. Мамлекет Абу-Дабинин эмири тарабынан башкарылса, өкмөттү Дубайдын эмири башкарат.

Калкынын саны 4 миллиондон ашып, бардык жарандары мусулмандар. Алардын 85 пайызы сунниттер, ал эми 15 пайызы шииттер болуп эсептелет. БАЭнин негизги жумушчу күчүн чет өлкөлүктөр түзөт. Өлкөдө мунай жана газ чыгарылып, алар улуттук бюджеттин 50 пайызын түзөт. Бириккен Араб Эмираттары негизделгенден баштап 2004-жылга чейин аны шейх Заид II ибн Султан аль-Нахайян башкарган. Ал эми 2004-жылдан ушул мезгилге чейин президенттик кызматты Халифа ибн Зайд аль-Нахайян аркалайт.

2-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан