Балдардын шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына 30-ноябрда саат 8:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта ар кандай оорулары менен 65 бейтап кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын ичинен экөө курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы менен ооруканага жаткырылган. Бир бала ЛОР бөлүмүнө, экинчиси педиатрия бөлүмүнө жаткырылганы маалым болду. 63 бейтап кабыл алынып, амбулатордук дарыланууга жиберилген.
Ал эми 1-декабрда саат 8:00дөн баштап педиатрия бөлүмүнө 168 бейтап кайрылса, 51 ооруканага жаткырылды. Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы менен 100 адам кайрылса, 19у жаткырылды, 81ине амбулатордук дарылоо көрсөтүлдү. "29-ноябрдагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясына кабылгандар үчүн 35 керебет дайындалган", - деп айтылат маалыматта.