SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Темпераменттүү аял болгум келет..." деген тема талкууга алынууда.
Темада автор мындай суроо салды: "Турмушка чыкканыма 2 айдан ашты. Жолдошум менен кошулганда эч кандай сезим жок. Жолдошумду сүйөм, ал мага жакшы эле рахат тартуулоого аракет кылат, бирок мен эч эрибейм, жөн гана эригендей түр көрсөтүп коём".
Ага жооптор:
"Сен өзүң да аракет кыл, позаларды алмаштыргыла. Күйөөң сенин эрогендик чекиттериңди таба албай, оюң да башка жакта болуп жатса керек. Төшөктө тартынуунун кереги жок".
"Жатарда бир бокал кызыл шарап ичсең ден соолукка да пайдалуу, башкасы да кызыктуу болот".
"2 ай эми болуптур го, мен бирди төрөгүчө оргазм дегенди билбей эле жүргөм. Шашылбай эле кой, болот баары акырындан".
"Аял кишинин иши кыйын, бир гектар картошка чаап чарчабаган жигиттер 15-10 мүнөт "иштеп" уктап калабыз. Ачыгын эле айт, сен анын көзүнө кумарың кангандай көрүнүп жатсаң анан ал эмне кылышы керек? Андай теппей, мындай теп деп кой да".
"Жашаганыма 11 жыл болот, 2 жыл эми болду, оргазм дегенди билгениме".
"Темпераменттүү болбой эле коюңуз, темпераменттүү аялдарга кыйын".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.