Бишкекте учурда оорулар күч алып, Жугуштуу оорулар ооруканасына бейтаптар батпай жатканын SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бүгүн, 2-декабрда билдирди.
"Азыр ооругандардын саны көп болуп жатат. Бул маселени башка ооруканалардан кошумча орун даярдап чечүү аракети жүрүп жатат. Тургундардан жана бейтаптардан түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз", - дейт Айгерчинова.
Эскерте кетсек, Жугуштуу оорулар ооруканасына бейтаптар батпай жатканы тууралуу окурман кабарлаган.
"30-ноябрда Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы тууралуу 68 кайрылуу түшүп, төртөө "Тез жардам" менен жеткирилсе, 48и Республикалык жугуштуу борборунан келген. Алардын ичинен 27 бала ооруканага жаткырылды. Калгандарына жардам көрсөтүлүп, дарылануу жолдору айтылды.
Кечээ, 1-декабрда аталган борборго 46 кайрылуу түшүп, курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясын жугузган 1 бала ооруканага жаткырылды", - деп кошумчалады басма сөз катчысы.
Акыркы күндөрү "Тез жардам" кызматына көп телефон чалуулар болуп, ооруканаларга кайрылгандардын саны кескин көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясына кабылгандар. 1-декабрда эле 51 адам аталган дарт менен ооруканага жаткырылган.